Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры №5
Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоор боюнча Казарман айылынын элдик чогулушунун протоколдорун бекитип берүү жөнүндө.
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.С. Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан айыл чарба техникаларын сатып алуу долбоору сунушталган Казарман айылынын элдик жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.С.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |