Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу № 7
Дөдөмөл айылындагы улуттук фондуга тиешелүү 20 гектар “Таш-Аӊыз” участкасында жайгашкан атуулдардын документтерин текшерип үлүшкө өтүп кеткен улуттук фондунун жерлерин тактоо жѳнүндѳ
Дөдөмөл айылынын тургундары Турусбеков Акылбек, Жаналиев Өмүрзактар Бишкек шаарында болгондуктан, Таш-Аӊыз участкасын толук тактап сессияга коюу жагы боюнча жер адис Б.Сасиевдин билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөдөмөл айылынын тургундары Турусбеков Акылбек, Жаналиев Өмүрзактар Бишкек шаарында болгондуктан Таш-Аӊыз участкасын толук тактап кийинки сессияга коюу жагы жер адис Б.Сасиевге милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык Кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |