Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры № 8
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүүнүүн Ɵрнѳк айылынын күн батыш тарабынан 20 м2 жер тилкесине “Скай Мобайл” ЖЧКсы ишканасына байланыш антенасын орнотууга уруксат берүү жөнүндө.
Ɵрнѳк айылынын күн батыш тарабынан 20 м2 жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы №107 мыйзамынын 35-беренесинин 3-пунктуна жана 90-беренесинин 1-пунктуна ылайык “Скай Мобайл” ЖЧКсы ишканасына байланыш антенасын орнотууга уруксат берүү жөнүндөгү Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин жана “Скай Мобайл” ЖЧКсы ишканасынын техникалык директорунун кайрылуусун, айылдык Кеӊештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун, депутаттардын сунуштарын эске алып Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ɵрнѳк айылынын күн батыш тарабынан 20 м2 жер тилкеси “Скай Мобайл” ЖЧКсы ишканасына убактылуу берилип, “Скай Мобайл” ЖЧКсы ишканасына байланыш антенасын орнотууга уруксат берилсин.
2. Ижара акысы Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебине берилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |