Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 3
Дөдөмөл айылынын ички жолдоруна шагыл төшөө иштерине бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XX I шайланышынын ) кезектеги чакырылган ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөдөмөл айылынын 4200 метр ички жолдоруна шагыл төшөө иштери үчүн дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен бүткөрүлүүчү долбоорго өздук салым үчүн 348 693 сом акча каражаты 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |