Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 5
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу соц.объектилердин 2019/2020-жылдарга кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XX I шайланышынын ) кезектеги чакырылган ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу соц.объектилердин 2019/2020-жылдарга кыш мезгилине карата даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р. Ажыбаев |