Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 6
Мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге карата тартиптик чара көрүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин төрагасы Р.Ажыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XX I шайланышынын ) кезектеги чакырылган ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жана мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге карата тартиптик чара көрүү жөнүндө Тогуз-Торо райондук прократурасынын сунушунун негизинде Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин депутаттары Т.Рыспаев,С.Сапарбеков,Т.Рыскулбековдор 2018-жылга карата кирещелери, чыгымдары, милдеттемелери жана мүлкү жөнүндөгү декларациясын толук көрсөтпөй мыйзамды одоно бузгандыгы үчүн эскертүү жазасы берилсин.
2. Регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |