Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 9
Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоор боюнча элдик чогулуштун протоколдорун бекитип берүү жѳнүндѳ
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.С.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XX I шайланышынын ) кезектеги чакырылган ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан техника алуу боюнча долбоор сунуштаган Тогуз-Торо айыл аймагынын элдик жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.С.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |