Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 10
«Мекемени кайра каттоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин Регламентин талкуулоонун негизинде, Тогуз-Торо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары мекеме).
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Айылный кенеш” Тогуз-Тороуского айылного аймака.
2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Т.Кожалиев көчөсү үй № 55.
3. Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
4. Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн toguz-toro-ao.org.kg сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы З.Э. Акуновага жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |