Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-февралы № 2
Тогуз-Торо айыл аймагындагы калктын жашоо шартын ѳнүктүрүүнү уюштурууну социалдык-экономикалык пландаштыруу, калкка социалдык жана маданий кызмат кѳрсѳтүү боюнча 2019-жылдын 12 айынын жыйынтыгы жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кѳчѳрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмотүнүн башчысы У.Кѳчѳрбаев айылдын социалдык экономикалык абалын көтөрүү багытында 2019-жылдын 12 айында аткарган иштери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Тогуз-Торо айыл өкмотүнүн башчысы У.Кѳчѳрбаев айылдын социалдык экономикалык абалын көтөрүү багытында 2019-жылдын 12 айында аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |