Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-февралы № 3
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2019-жылга аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсү эске алынсын.
2.Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2019-жылга киреше бөлүгү 11199,3 миӊ сом,чыгаша бөлүгү 11186,1 миӊ сом болгондугу белгиленсин.
3. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2020-жылга жыл башындагы калдык 268,8 мин сом болгондугу белгиленип, айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошумча план болуп киргизилсин. Башкаруу тармагынын аппараттын 2215 беренесине 1,7 мин сом, 3111 беренесине 100,0 мин сом, атайын каражатынын 2215 беренесине 1,0 мин сом, билим берүү тармагынын балдар бакчасынын 3112 беренесине 45,4 мин сом атайын каражатынын 2218 беренесине 115,8 мин сом, 3112 беренесине 4,9 мин сом чыгымдалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ажыбаев |