Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-февралы № 4
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрду киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын 2020-жылдагы бюджетинин атайын каражатынын киреше бөлүгүндөгү аппараттын 14519900 беренесиндеги 200,0 мин сомду мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн 14512400 беренесине жылдырылсын.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын 2020-жылдагы бюджетинин атайын каражатынын чыгаша бөлүгүндөгү аппараттын 2215 беренесиндеги 200,0 мин сомду мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн 2218 беренесине жылдырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р. Ажыбаев |