Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 1
Айыл өкмөтүнүн балансасында турган Палессе маркасындагы эгин жыйноочу комбайн жөнүндө
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн балансасында турган Палессе маркасындагы эгин жыйноочу комбайнды ижарага Дөдөмөл айылынын тургуну Т.Турдумамытовго берүү жана 2020-жылдын ижара акысын керектүү тетиктерине жумшоо керектиги тууралуу элден карылуу келип түшкөн.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ХХI шайланышынын кезексиз чакырылган ХХVIII сессиясы токтом кылат:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн балансасында турган Палессе маркасындагы эгин жыйноочу комбайн аукцион өткөрүлбөстөн Дөдөмөл айылынын тургуну Т.Турдумамытовго ижарага берилсин.
2. 2020-жыл үчүн ижара акысы керектүү тетиктерин алууга жумшалсын. 2021-жылдан баштап ижара акысы айыл өкмөтүнүн атайын эсептик счетуна төлөнүп башталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Б.Кыдыкбаева |