Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 2
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо районун аймагында коронавирус оорусун алдын алуу максатында керектүү каражаттарды алуу үчүн Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги ХХVIII сессиясы токтом кылат:
1. Тогуз-Торо районунун аймагында коронавирус оорусун алдын алуу максатында Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн билим берүү бөлүгүндөгү бала бакчанын 2218 беренесинен 100,0 мин сом аппараттын 2215 беренесине, айыл өкмөтүнүн аппаратынын 3111 беренесинен 100,0 миң сом аппараттын 2215 беренесине жылдырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Б.Кыдыкбаева |