Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 3
Дөдөмөл айылынын мечитинин проектисин мамлекеттик экспертизадан өткөрүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу Дөдөмөл айылына жаңы мечит куруу үчүн даярдалган долбоордук-сметалык документтерин мамлекеттик экспертизадан өткөрүү үчүн керектүү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги ХХVIII сессиясы токтом кылат:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу Дөдөмөл айылындагы жаңы курула турган мечиттин долбоордук-сметалык документтерин мамлекеттик экспертизадан өткөрүү үчүн 6185 (алты миң бир жүз сексен беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Б.Кыдыкбаева |