Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры №6
Көчөгө наам берүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Кызыл-Багыш айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде айыл өкмөтүндө үзүрлүү ишкердик жүргүзгөн,айылдык кеӊештин үч чакырылышынын депутаты, Айылдын жана Райондун “Ардактуу атуулу” Ормонов Тыныч Маматович жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл өкмөтүнүн Кызыл –Багыш айылындагы көчөлөрдүн бирине айыл өкмөтүнүн белгилүү инсандарынын бири, мыкты ишкер , айылдык кеӊештин бир нече жолку депутаты Ормонов Тыныч Маматовичтин наамы депутаттардын бир добуштан колдоосу менен берилсин.
2. Тийиштүү юридикалык иш кагаздарын тактап иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Курбановго милдет тендирилсин.
Төрага | А.Калмурзаев |