Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры № 7
Көчөгө наам берүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Кызыл-Багыш айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде айылдын белгилүү инсандарынын бири, көп жылдар бою Тендик колхозунда айыл чарба тармагында үзүрлүү эмгектенген Батыров Темир жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Багыш айылынын жаны чек көчөсүнө айылдын белгилүү инсаны эмгектин ардагери Батыров Темирдин наамы берилсин.
2. Бардык тийиштүү юридикалык иш кагаздарын тактап иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Курбановго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Калмурзаев |