Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры № 9
Көчөгө наам берүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Кызыл- Багыш айылына караштуу Кыдырша участкасынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде айылдын белгилүү атуулдарынын бири Жумабаев Сыргабай жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ ;
1. Айыл өкмөтүнүн Кызыл –Багыш айылындагы Кыдырша участкасынын көчөсүнө айылдын белгилүү атуулдарынын бири Жумабаев Сыргабайдын наамы берилсин.
2. Бардык тийиштүү юридикалык иш кагаздары менен тактап иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Курбановго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Калмурзаев |