Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры № 11
Көчөгө наам берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Кызыл-Багыш айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун негизинде айылдын белгилуу инсандарынын бири
Назаров Эрмек жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл өкмөтүнүн Кызыл –Багыш айылынын жаны көчөсүнө айылдын белгилүү инсандарынын бири , Улуу Ата Мекендик согушта тылда кызмат көрсөткөн ардагер атуул Назаров Эрмектин наамы берилсин.
2. Бардык тийиштүү юридикалык иш кагаздарын тактап иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Курбановго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Калмурзаев |