Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры № 20
Көчөгө наам берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу Бек-Абад айылынын Кыпчак участкасынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде айылдын тургуну Ниязов Султанмурат жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бек-Абад айылынын Кыпчак участкасынын тургундарынын чогулушунун негизинде жаны чек көчөсүнө Ниязов Султанмураттын наамы берилсин.
2. Бардык тийиштуу юридикалык иш кагаздарын тактап иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Курбановго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Калмурзаев |