Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры №22
Көчөгө наам берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу Бек-Абад айылынын Актачы участкасынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде айылдын белгилүү инсандарынын бири ,эмгектин ардагери , Орозматов Исмаил жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бек-Абад айылынын Актачы участкасындагы көчөгө айылдын кадырлуу инсандарынын бири, жаш муундарды тарбиялоодо эмгек синирген эмгек ардагери , жаштардын ардактуу насаатчысы Орозматов Исмаилдин наамы берилсин.
2. Бардык тийиштүү юридикалык иш кагаздарын тактап иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Курбановго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Калмурзаев |