Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 247
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы К.Чодошев, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептердин жана “Шумкар” бала бакчасынын 2020-2021-окуу жылына кышка карата даярдыгын кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы К.Чодошев, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептердин жана “Шумкар” бала бакчасынын 2020-2021-окуу жылына карата кышка даяр экендиги эске алынсын. Айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, аткарууга алынсын. Мектептердин жылытуу системаларына антифриз куюу жагы сунушталсын.
2. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен мектептерге, айыл өкмөтүнө генератор алуу үчүн акча каражат бөлүнүп берилсин.
3. А.Ибраимов атындагы орто мектебинин жылытуу системасы үчүн курулган печкасы кайрадан оӊдолуп куруу жагы сунушталсын.
4. К.Чодошев атындагы орто мектебинин жылытуу системасы оӊдоо үчүн стим грантка проект смета даярдалып, стим грантка киргизүү жагы сунушталсын жана мектептин ашканасынын капиталдык ремонттоо иштеринин сапаттуу бүткөрүлүп жаткандыгын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
5. Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин ажатканасын курууга айыл өкмөттүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 500,0 миӊ сом каралып берилсин жана мектептин трансформаторуна ток ажыраткыч алып берүү үчүн-15,0миӊ сом, орнотуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
6. Ж.Чаргынов атындагы орто мектеби жыгачтан курулгандыктан, мектепти өрт коопсуздугунан сактоо максатында өрткө каршы туруучу сыр алуу үчүн каражат бөлүнүп берилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиясына тапшырылсын.
8. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |