Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 248
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Сманованын 06.11.2020-жылдагы №415 сандуу катынын негизинде каралган Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 06.11.2020-жылдагы №5 протоколун кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкулов маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токогул райондук мамлекеттик администрациясынын чек араларды тактоо боюнча райондук комиссиясынын 28.08.2020-жылдын №4 протоколдук чечими менен Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө караштуу Сандыкол жайлоосундагы Кочкор-Дөбө, Жоруя жайыттарын Жазы-Кечүү айыл өкмөтүнө пайдаланууга берилгендиги эске алынсын.
2. 2020-жылдын 11-декабрына чейин Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө караштуу Сандыкол жайлоосундагы Кочкор-Дөбө, Жоруя жайыттарын Жазы-Кечүү айыл өкмөтүнө пайдаланууга берилген Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чек араларды тактоо боюнча райондук комиссиясынын 28.08.2020-жылдын №4 протоколдук чечимин кайрадан жокко чыгартып, КРнын жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорло институнан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жер экендигин тастыктаган корутунду алып келүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |