Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 249
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын жобосуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаев сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты”муниципалдык ишканасынын жобосуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жагын карап чыгып, кайрадан айылдык кеӊештин кезектеги сессиясына сунуштоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |