Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 250
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын материалдык базасын чыӊдоого үчүн кайра бөлүштүрүү фондусунан айдоо жер алуу сунушун кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаев сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын материалдык базасын чыӊдоого үчүн жер алуу сунушу Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жер аянттарын аукциондун негизинде берүү боюнча жер комиссиясына сунушталсын.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жер аянттарын аукциондун негизинде берүү боюнча жер комиссиясында каралып,чыгарылган чечим кайрадан айылдык кеӊештин кезектеги сессиясына сунуштоо жагы жер комиссиясынын төрагасы Б.Табалдиевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |