Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 251
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин сунушун кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаев сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айылынын борбордук көчөлөрүнө таза суу чыгарып иштеген эки жумушчу адамга жети айга 140,0миӊ сом акча каражатты айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасына алынып келинген, айыл өкмөттүн балансасында турган комбайндын айдоочусунун айлык акысы, комбайындын чыгашасынан сырткары тапкан кириешесинин 10% айлык акысына берилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасында айыл ичиндеги таштандыларды чогултуп, тазалыкта иштеген 3адамдын айылык акысы 10,0миӊден 30,0миӊ сом бир айга төлөнүп берилсин
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |