Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 253
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 24.11.2020-жылдагы №11 отурумунун токтомун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 24.11.2020-жылдагы №11 отурумунун токтомунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төмөнкү акча каражаттар бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан “Шумкар”бала бакчасынын чатырын оӊдоо үчүн-16500 сом, бастырмасын оӊдоп-түзөөгө 8050сом берилсин.
Демөөрчүлөрдүн жардамы менен К.Чодошев атындагы орто мектебинин курулуп жаткан кичи футболдук аянтчанын жерин тегиздөө, курулуш материалдарын ташуу үчүн 500 литр күйүүчү май үчүн 19,0миӊ сом берилсин.
Ж.Чаргынов атындагы орто мектебине жаӊы курулуп жаткан ашканасына техникалык шартты алууга-6,0миӊ сом, госэкспертизасына-20,0миӊ сом, К.Чодошев атындагы орто мектебине жаӊы курулуп жаткан кичи футбол аянтчасынын техникалык шартты алууга-6,0миӊ сом, госэкспертизасына-20,0миӊ сом берилсин.
Ак-Жар айылынын тургуну Молдомусаева Майрамкандын даарылануусуна-10,0миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну, өтө-жакыр үй бүлөө Мамбетов Бакытка материалдык жардам катары-10,0миӊ сом берилсин.
Ак-Жар айылынын тургуну, өтө-жакыр үй бүлөө Турумбекова Анарага материалдык жардам катары-10,0миӊ сом берилсин.
Орто-Жон айылынын тургуну, өтө-жакыр үй бүлөө Акматалиева Базарбүгө көмүр алуу үчүн материалдык жардам катары, -5,0 миӊ сом берилсин
Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну, ак кан оорусу менен ооруган Таалайбек кызы Жаркынайдын даарылануусуна-10,0миӊ сом берилсин.
Көк-Таш айылынын тургуну, жалгыз бой эне Эрматова Асиянын турак жайынын чатырын оӊдоого материалдык жардам катары-10,0миӊ сом берилсин.
Көк-Таш айылынын тургуну1-топтогу майып Нусубалиев Максатка материалдык жардам катары -3,0миӊ сом берилсин.
Мектеп окуучуларын мектепке ташып келүү үчүн алынган автоунаага тетик алуу үчүн-15,0миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Чеч-Дөбө айылына ФАП курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого 45,0миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Аӊ-Арык айылына күрөш зал курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого 40,0миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Ак-Жар айылындагы С.Чекиров атындагы орто мектепке кичи футбол аянтча курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого 25,0миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мыйзамсыз тозулган жолдорду ачуу үчүн күйүүчү майга -20,0миӊ сом.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынына үй бүлөөлүк дарыгерлер медициналык борборун куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого 100,0миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ветеринария боюнча башкы адиси А.Акматалиевдин келишимдин негизинде элге ветеринардык кызмат көрсөтүү үчүн адис алуу жөнүндө кайрылуусу каражаттын тартыштыгынан 2021-жылдын иш планына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |