Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 255
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылынын жашоочуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылынын жашоочуларынын кайрылуусун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылынын жашоочуларынын кайрылуусу эске алынып,айыл тургундарынын өздүк салымы менен Камыш-Башы айылына алып келинген Таза сууну башына суу сактоочу кампа курууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине 120,0 миӊ сом акча каражатты бөлүнүп берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылсын.
Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |