Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 256
Кызыл-Өзгөрүш айыл тургуну Чакиев Сейдиге “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарынын сунушу эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл тургуну, айылдын аксакалы, билим берүү тармагында үзүрлүү эмгеги үчүн Чакиев Сейдиге “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамы берилсин.
2. “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |