Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 257
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Шайык айылына медресе мечит курууга Жүзүев Максатбек Аскаровичтин жеке менчигиндеги 0,30га жер аянтты муниципалдык менчикке алуу жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясынын сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Шайык айылына медресе мечит курууга Жүзүев Максатбек Аскаровичтин жеке менчигиндеги код 3-07-09-1011-0285 0,30 га жер аянтты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |