Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 258
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылындагы С.Чекиров атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу, Аӊ-Арык айылындагы муниципалдык жер аянтка күрөш залын курууга жер аянттын бөлүп жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкулов маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылындагы С.Чекиров атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтына кичи футбол аянтчасын курууга 0,11га жер аянты, Аӊ-Арык айылындагы муниципалдык жер аянтка күрөш залын курууга 0,15га жер аянтты берилсин.
3. Муниципалдык жер аянтын бөлүп, жер мыйзамдарына ылайык муниципалдык жерге баардык тиешелүү иш кагаздарын даярдап, аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |