Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 259
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Сманованын 20.11.2020-жылдагы №426 сунуш кайрылуусун кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловдун сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Сманованын 20.11.2020-жылдагы №426 сунуш кайрылуусундагы Чеч-Дөбө айылындагы ижарага берилген 13 гектар жер аянтты кайра бөлүштөрүү фондусунун жерлерин аукциондун негизинде бериле турган жер мыйзамын бузуп, айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаева Э.Бусурмановга келишимдин негизинде түз берип койгондугу аныкталып,кайрадан жер мыйзамынын негизинде карап чыгуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жер аянттарын аукциондун негизинде берүү боюнча жер комиссиясында каралып,чыгарылган чечим кайрадан айылдык кеӊештин кезектеги сессиясына сунуштоо жагы жер комиссиясынын төрагасы Б.Табалдиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |