Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 227
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин 2019-жылда аткарган иштеринин маалыматты жана 2020-жылга аткарыла турган иштеринин иш планын бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин 2019-жылда аткарган иштеринин маалыматын эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин 2019-жылда аткарган иштеринин маалыматты айтылган-сунуш пикирлерди эске алуу менен жактырылсын.
2. Жайыт комитеттине АРИС тарабынан келген 9 боз үй айыл өкмөттүн балансасына кабыл алынып, кириштелип айыл өкмөттүн 3 айыл башчысына 3төн өткөрүлүп берилсин жана элдин жамандык жакшылыгына 500 сом өлчөмүндө берилип, 3 күндүк мөөнөттө айыл башчыларга сапаттуу таза өткөрүлүп берилсин. Боз үйлөрдүн сапаттуу сакталышын көзөмөлгө алынып, айыл өкмөт башчысына тапшырылып 10күндүк мөөнөттө жообу берилсин. Боз үйдүн сапаттуулугун бир жылда бир жолу көзөмөлгө алуу үчүн айылдык кеӊештин депутаттарынан төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.
Э.Сагынбеков - айылдык кеӊештин депутаты
Г.Сманова - айылдык кеӊештин депутаты
Айтмурза уу Азизбек - айылдык кеӊештин депутаты
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |