Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 228
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаеванын 2020-жылдын алты айында Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө аткарган иштеринин маалыматты жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин 28.01.2020-жылдагы №197 токтомунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаеванын 2020-жылдын алты айында Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө аткарган иштеринин маалыматты боюнча айтылган сын-пикирлер эске алынып, алымча кошумчасы менен жактырылсын.Айтылган сунуштардын аткарылышы боюнча 9 айдын жыйынтыгында маалымат берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адистери (айыл башчылар) Э.Мураталиев, Б.Сасыкулов, А.Жээнбаевдердин 2020-жылдын алты айында аткарган иштеринин маалыматтын угуп, айыл тургундарынын сунушун эске алуу менен 15 күндүк мөөнөт ичинде кызмат абалдарын кароо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |