Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 231
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 29.06.2020-жылдагы №10 отурумунун токтомун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төмөнкү акча каражаттар бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси(айыл башчы) Э.Мураталиевдин сунушунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы үлүшкө барчуучу жолдорду оӊдоого-25,0миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башкы адиси(ветеринар кызматкери) А.Акматалиевдин сунушунун негизинде, жыл башында жылкы малдарды идентификациядан өткөрүү үчүн раскол жасатууга каражаттын багытты өзгөртүлүп азыркы учурда жүрүп жаткан РЭВ-1 эмдөө жүргүзүүгө жумшалсын.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башкы адиси(соц адис) К.Сулпукорованын сунушунун негизинде, Камыш-Башы айылынын тургуну1-топтогу майып Калбаева Ырысканга материалдык жардам катары -10,0миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну II-топтогу майып,өтө-жакыр үй бүлөө Абдылдабеков Нурланга материалдык жардам катары 10,0миӊ сом берилсин.
Орто-жон айылынын тургуну өтө жакыр маркум Уметалиев Муратаалынын үй бүлөөсүнө материалдык жардам катары 10,0миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин депутатты Ж.Ысырайыловдун сунушунун негизинде малдарды эгинге түшүүдөн коргоо үчүн тосмолорду тосууга -78,0миӊ сом берилсин.
Коӊур-Өгүз айылындагы жолдорго 5труба коюу үчүн 20,0 миӊ сом берилсин.
Камыш-Башы айылындагы Т.Осмоналиев атындагы көчөгө таза суу чыгаруу үчүн жардам катары. Түтүк алууга-40,0миӊ сом берилсин.
Демөөрчүлөрдүн жардамы менен К.Чодошев атындагы орто мектебинин курулуп жаткан кичи футболдук аянтчанын жерине тегиздөө, курулуш материалдарын ташуу үчүн 1000 литр күйүүчү май үчүн 38,0миӊ сом берилсин.
Айыл өкмөттүн кароолчусуна эмгек акысын жогорулатууга жергиликтүү бюджетииин 92041 сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн багар-көрөрү жоктордун каттоосунда турган Дайрабаева Зинага жашап турган батирине эшик алуу үчүн 4500сом берсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Ж.Чаргынов орто мектебинин ашканасын курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого 100,0миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына жаӊы курула турган социалдык обьектилердин мамлекеттик актыларды алуу үчүн 100,0 сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл айылындагы К.Чодошев атындагы орто мектебинин кичи футбол аятчасын курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого-100,0 миӊ сом берилсин.
Талды-Булак жайлоосунун жолун оӊдоого 300литр күйүүчү май алууга 11400сом берилсин.
Камыш-Башы айылындагы А.Абдырахманов атындагы көчөнүн жашоочулардын кайрылуусунун негизинде көчөсүнө шагыл төгүү, тегиздөө иштеине жардам берүү жөнүндө кайрылуусу каражаттын тартыштыгынан 2021-жылдын иш планына сунушталсын.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын окуучуларды тетик менен камсыздоо сунушу каражаттын тартыштыгынан ишкананын өздүк каражатынан оӊдоо сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |