Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 232
Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын маркум Иманалиев Элмирбек Калиловичтин ысымын Үч-Терек, Кызыл- Өзгөрүш жолуна ысымын берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын маркум Иманалиев Элмирбек Калиловичтин ысымын Үч-Терек, Кызыл-Өзгөрүш жолуна ысымын берүү жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутатты Ж.Ысырайыловдун сунушун талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутатты Ж.Ысырайыловдун сунушунун негизинде Токтогул районуна караштуу Үч-Терек, Кызыл- Өзгөрүш айылдарынын ортосундагы жолго Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын маркум Иманалиев Элмирбек Калиловичтин ысымы берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |