Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 234
Токтогул районунун прокуратурасынын 29.06.2020-жылдагы №11/1-4-987-20 ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү жөнүндө талапты аткаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө “мыйзамынын 23-беренесин жетекчиликке алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө “мыйзамынын 23-беренесин, Токтогул районунун прокуратурасынын 29.06.2020-жылдагы №11/1-4-987-20 ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү жөнүндө талапты аткарууга алып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мурунку оорукананын 0,15 га жер аянтты Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн балансасына 150000сом балансалык баасы менен өткөрүлүп берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мурунку оорукананын 0,15 га жер аянтты Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн балансасына 150000сом балансалык баасы менен өткөрүп алуу жагы айыл өкмөттүн айыл чарба иштери жана жер маселелери боюнча башкы адиси Э.Ажыкуловго жана ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |