Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 235
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бууракан айылынын күнгөй тарабы жана Бууракан айылына караштуу Чалдыбар элдүү пунктуна, Бел-Кара-Суу айылын, Бел-Кара-Суу айлындагы М.Чакиев көчөсүнө таза суу чыгаруу жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бууракан айылынын, Бууракан айылына караштуу Чалдыбар элдүү пунктуна, Бел-Кара-Суу айылын, Бел-Кара-Суу айлындагы М.Чакиев көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылууларын карап, Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бууракан айылынын, Бууракан айылына караштуу Чалдыбар элдүү пунктуна, Бел-Кара-Суу айылын, Бел-Кара-Суу айлындагы М.Чакиев көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылууларын карап, Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин сунушун эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бууракан айылынын күнгөй тарабы жана Бууракан айылына караштуу Чалдыбар элдүү пунктуна, Бел-Кара-Суу айылын, Бел-Кара-Суу айлындагы М.Чакиев көчөсүнө таза суу чыгарууга керектүү иш кагаздарын даярдоого айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүнүп берилсин.
3. Таза суу чыгарууга керектүү иш кагаздаарын даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |