Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 236
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Шайык айылына жаӊы курула турган мектептин жана ФАПтын, Бел-Кара-Суу айлындагы мечиттин иш кагаздарын даярдоого каражат бөлүп берүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Шайык айылына жаӊы курула турган мектептин жана ФАПтын, Бел-Кара-Суу айлындагы мечит куруу боюнча айыл жашоочуларынын кайрылууларын карап, Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комитеттин сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Шайык айылына жаӊы курула турган мектептин жана ФАПтын, Бел-Кара-Суу айлындагы мечит куруу боюнча айыл жашоочуларынын кайрылууларын карап, Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комитеттин сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Шайык айылына жаӊы курула турган мектептин жана ФАПтын, Бел-Кара-Суу айлындагы мечит курууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүнүп берилсин.
3. Мектептин,ФАПтын,мечит курууга керектүү иш кагаздаарын даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комитеттинин төрагасы Э.Бакиевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |