Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 237
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылына маркум Какыбаев Садырбайдын ысымын берүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылына маркум Какыбаев Садырбайдын ысымын берүү жөнүндө уулу Садырбаев Шайымбеттин кайрылуусун карап, Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комитеттин сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылына маркум Какыбаев Садырбайдын ысымын которуп берүү жөнүндө уулу Садырбаев Шайымбеттин кайрылуусун карап, Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комитеттин сунушу эске алынып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылына маркум Какыбаев Садырбайдын ысымы берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылына маркум Какыбаев Садырбайдын ысымын которуп берүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы уулу Садырбаев Шайымбетке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комитеттинин төрагасы Э.Бакиевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |