Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 239
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылындагы Кутунай көрүстөнүнө жер бөлүп берүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин сунушун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарынын, айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин сунушун эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бардан участкасындагы жайыт жерден 4гектар жер аянты Кутунай көрүстөнүнүн аянттын кеӊейтүүгө жер берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул жайыт жердин багыттын которууга (трансформациялоого) тиешелүү иш кагаздарын даярдоо ишти аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |