Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 240
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Ак-Коргон жайыт жерин талашып жаткан айыл тургундарынын арыз-кайрылууларын кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин отурумунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Ак-Коргон жайыт жерин талашып жаткан айыл тургундарынын арыз-кайрылууларын айыл өкмөттүн, жайыт комитетинин тиешелүү адистеринен жана коомдук уюмдардан комиссия курамы түзүлүп, КРнын жер жайыт мыйзам талаптарына ылайык, арыз ээлеринин катышуусу менен жеринде чечип берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага жана жайыт комитеттинин төрагасы Э.Мутуевге милдеттендирилсин.
2. Жарандардын арызынын чечилиши тууралуу маалыматты жазуу түрүндө айылдык кеӊешке, арыз ээлерине 14 жумушчу күндүн ичинде берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага жана жайыт комитеттинин төрагасы Э.Мутуевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |