Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 241
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасына ишкананын техникаларын токтотуучу жай курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасына ишкананын техникаларын токтотуучу жай курууга муниципалдык менчиктеги жер аянттан 800 кв метр жер аянты бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жогорудагы“Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасына ишкананын техникаларын токтотуучу жай курууга бөлүнүп берилген жер аянттын тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, ишти аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |