Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 242
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына балдар ойноочу аянтча курууга жер аянттын берүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкер Т. Оморовго Кызыл-Өзгөрүш айылында жайгашкан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн имаратынын багынан 0,30 сотых жер аянттына балдар ойноочу аянтча орнотууга беш жылдык мөөнөт менен келишимдин негизинде уруксат берилсин.
2. Балдар ойноочу аянтчага КРнын жер мыйзамдарына ылайык чечип берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |