Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 243
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы соода түйүндөрдө спирт ичимдигин сатылышына каршы “Токтогул жаштары ичимдике каршы” акциясын колдоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 5-пункутунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токтогул жаштары ичимдике каршы” акциясын Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө караштуу айыл жашоочуларынын колдоосу эске алынып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы соода түйүндөрдө спирт ичимдигинин баардык түрү сатылышына тыюу салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |