Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-июлу № 244
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевдин сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын 22.04.2020-жылдагы № 218 токтомуна өзгөтүү киргизилсин. Атайын фонддун эсебинен төмөндөгү акча каражаттарынын багыты өзгөртүлсүн.
Бууракан айылына ФАП курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого-100,0 миӊ сом
Күрөш зал курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого-100,0 миӊ сом
Коӊур-Өгүз айылына бала бакча курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого жалпы- 100,0 миӊ сом
Айылдык маданият үйүнүн чатырын жаӊылап жасоого-646,0 миӊ сом
Айылдык китепкана курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого -100,0 миӊ сом.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл тургундарынын жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын директору Ж.Өскөнбаевдин кайрылуусун эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы кылкандуу дан эгиндерин оруп жыюууга ААК Айыл Банкынан LOVOL GM80 маркасындагы дан эгин оруучу комбайндын баасы 52,600 доллар лизингке алууга атайын каражаттын эсебинен 1,250 миӊ сом алгачкы салымды бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананага кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйууга ААК Айыл Банктын каржылоосу аркылуу 7 жылдык мөөнөт менен жылдык пайызы 8% менен лизингке LOVOL GM80 маркасындагы дан эгин оруучу комбайн алууга Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊеши макулдук берет жана лизинктин төгүмдөрүн лимиттин негизинде өз убагында аткарууну кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканага алына турган дан эгин оруучу комбайнды камсыздандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 000 сом акча каражаты алымча-кошумчасы менен бөлүнүп берилсин МТСтин жетекчисине банк менен келишим түзүүгө жана кол коюууга иш чараларды жүргүзүүгө уруксат берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин бюджет жана экономика муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т. Мундусбаевага тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |