Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-июну № 26-1
“Жаӊы-Жол айыл аймагындагы жеке менчик малдарды жайыттарга чыгаруу жана жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн,бада төлөмүн бекитүү жөнүңдө”
Жаӊы-Жол айыл аймагындагы айылдарда ѳткѳн чогулуштардын жыйынтыгы боюнча, айыл чарба туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХVI-сессиясы токтом кылат:
1.Жазгы, жайкы жайыттарга малдын кѳчүүсү-25.04-05.05.2020-жылга жана Жаңы-Жол айылынын жайлоодон кѳчүп келүү 10.09.2020 жылга , Кой-Таш айылы үчүн 01.09.2020 -жылга белгиленсин.
2.Бада тѳлѳмү—жандыкка-60 сом,кара малга-350 сом,тузу мал ээсинен.Кой,эчки жоголсо ордуна башына баш ,козуга 1500 миӊ сом,улакка 800 сом тѳлѳнүп берилсин.Күзгү бада тѳлѳмү 60 сомдон, мал жоголсо башына баш тѳлѳнсүн. Күзгү бада алган бадачылар айыл ичинен сырткары, жакынкы жайыттарга отурушсун.
3.Бадачыларга жайыттарды бѳлүштүрүп берүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы Ж.Субанкуловко жүктѳлсүн.
4.Жер айдоо акысы-үлүш жерлерге—40 сомдон,менчик огороддорго—50 сомдон белгиленсин.
5. Жогорудагы белгиленген бааны , кѳчүп чыгуу, келүү мѳѳнѳтүн бузгандарга жана эгин аянттарын, чѳп чабындыларды майкандаган малга малдарга түзүлгѳн актынын негизинде бузуулар Кодексинин талаптарына ылайык 5000 сом штраф чара кѳрүү жагы жана айыл өкмөттөр аралык келишимсиз келген чочун малдарга жайыт жерди эррозияга үчүратып жаткан малдарга жылкыга -500 сом,КРС-200 сом жайыт пул каралсын. Чара кѳрүү жагы жайыт пайдалануучулар комитетинин башчысына жүктѳлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7.Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы |
Н.Калпаков |