Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-июну № 26-5
Жаны-Жол айыл өкмөтүнө АРИС аркалуу келген атайын техникалардын иштөөсүнүн жыйынтыгы боюнча К.Шерипбаевдин билдирүүсү жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнө АРИС аркалуу келген техникалардын иштөөсүнүн жыйынтыгы боюнча К.Шерипбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкулап Жаны-Жол айылдык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектүү XXVI– сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн тургуну К.Шерипбаевдин АРИС аркалуу келген атайын техниканын (погрузчик) иштетүүсү канаттандырлык деп табылсын.
2. К.Ширпбаевдин маалыматынын негизинде атайын техниканын иштөөдө тапкан акча каражатынын 10% жайыт комитетинин бюджетине, 30% амортизация чыгымдарына, 40% өзүнүн айлык акысына, 20% фондко чогултуусу каралсын.
3. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн тургуну К.Асановдун жоктугуна байланыштуу келерки сессияда маалыматы угулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н.Калпаков |