Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июлу № 27-1
Жаңы-Жол айыл аймагында коронавирус оорусунун кируусун алдын алуу жана анын таркап кетишине жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагында коронавирус оорусунун кируусун алдын алуу жана анын таркап кетишине жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө Жаңы-Жол айыдык Кеңешинин төрагасы Н.Калпаков өз билдирүүсүн угуп талкулап Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезексиз сессиясы
токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айыл аймагында коронавирус оорусунун таркап кетишине жол бербөө боюнча айыл өкмөтүнүн ыкчам штабы эпидемиологиялык кырдаалды контролдоо жагы милдеттендирилсин.
2. Медицина кызматкерлери тез арада коронавирустун алдын алуу, дарылоо жана кантип сактануу керектиги боюнча иш-чара жүргүзүшсүн.
3. Керектүү дары-дармек менен камсыздоо жана анын запасын камсыздоо жергиликтүү дарыканаларга милдеттендирилсин.
4. Коронавируска күмөндөлүп обсервация жана изоляция жайларына 14 кундук көзөмөгө алынган жарандарды кароо учун график уюштуруп, медицина кызматкерлерге күнү-түнү иштөөсү учүн шарттарды түзүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Осмоновага жүктөлсүн;
5. Айыл аймагында коронавирустун кируусун алдын . алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө максатында маданий массалык иш-чараларды учурдагы абал турукташканга чейин убактылуу тыюу салуу боюнча тушундуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Ар тараптан келген азык-тулүктөр аярлуу топторго таратылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
8. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н.Калпаков |