Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июлу № 27-2
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2215 -статьясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Швейцарыянын 0нуктуруу жана кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцарыянын Өкмөтү каржылаган Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорун ишке ашуруу максатында бериле турган 35,0 миң сом акча каражаты жөнүндө Үркүнбай уулу Нуралынын билдирүүсүн депутаттар угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айыл кеңешинин V11 чакырылышынын кезексиз ХXVII сесиясы
токтом кылат:
1. Швейцарыянын 0нуктуруу жана кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцарыянын Өкмөтү каржылаган Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорун ишке ашуруу максатында бериле турган 35,0 миң сом акча каражаты айыл аймагынын атайын төлөм каражатына кириштелсин.
2. Долбоордон кириштелген 35,0 мин сом акча каражаты 2215- беренесине бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Н.Калпаков |