Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июлу № 27-3
Жаңы-Жол айылдык аймагында Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте өткөрүлүүчү кызматтардын туруктуулугун күчөтүү,тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын, участоктордун, кварталдардын, көчөлөрдүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү ЖОБОсун бекитүү жөнүндө.
Жаңы-Жол айылдык аймагынын кызматтардын туруктуулугун күчөтүү,тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын, участоктордун, кварталдардын жана көчөлөрдүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү ЖОБОсу бекитилсин.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилген ЖОБОнун негизинде Жаны-Жол айыл өкмөтүнө конкурстарды өткөрүү боюнча атайын комиссиянын курамын бекитүү жана конкурсту максаттуу өткөрүү жагы жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын бюджет маселелер боюнча туруктуу косиссяснын төрагасы А.Карашовко милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н.Калпаков |